Kırgız Türkçesiyle

Азаттык берип пендеге,
Ач ажал качан көндү эле?
Кыргызда сулуу болсун деп,
Кылымдар төрөп берди эле.
Өлүмгө өмүр жем беле?
Өмүрлөр алсыз, жөн беле?
Билиги жанып балбылдап,
Бир сулуу бизге келди эле.
Керемет шыгы курч беле?
Кенедей кезден ырчы эле.
Жылмайган таза ажарын,
Жылдыздар коштоп турчу эле.
Таланты ташып курч беле?
Таңшыган торгой ырчы эле.
Татына жүзүн көргөндөр,
Тамшанып карап турчу эле.
Буралып чыккан гүл сулуу,
Бугу жок, таза дил сулуу.
Бул элдин шору бар беле?
Буюрбай кетти бир сулуу.
Ай менен бирге түн сулуу,
Ааламдын көркү күн сулуу,
Армандуу дүйнө ушу бейм,
Адашып кетти бир сулуу.
Айтабыз эми кай кепти,
Аптабын төкпөй жай кетти.
Буулугуп ыйлап ичинен,
Булуттан чыкпай ай кетти.
Акмарал качып, аң кетти,
Агарып атпай таң кетти.
Арманын козгоп көп элдин,
Ажары сүйкүм жан кетти.
Тагдыры неге тескери?
Таалайы неге чектелүү?
Таттыбүбү таттуу жан эле,
Тар болду неге өз эли?
Арманын айтып жомоктоп,
Ак булут ыйлап шолоктоп,
О дүйнө жайга узатып,
Бул жерден шашып коноктоп.
Кайберен кайып сыяктуу
Калтырды бизди бир ак куу,
Адашкан кийик сыяктуу
Арманда кетти бир ак куу.
Адашкан аркар сыяктуу
Арманда кетти бир ак куу.

Türkiye Türkçesiyle

Armanda getti bir ak kuğu

Önceki İçerikYağmur Yağdı Bulandı Hava…
Sonraki İçerikÇığrışır Bülbüller
" Yazacaksınız, yanılgı nerdedir, doğrusu ne olabilir; tartışacağız, iyisini elbirliğiyle araştıracağız. Hadi, hazır mısınız? Ben hazırım, ne eleştirmekten korkarım, ne eleştirilmekten; üstelik o çok sevdiğim kusurumu hâlâ düzeltemedim: Fena halde doğru söylerim!.” Atilla ilhan (1925-2005)

Yorum

Lütfen yorumunuzu giriniz!
Lütfen adınızı buraya giriniz